КАЛЬЯН
КА́ЛЬЯН – Индиянын батышындагы шаар. Махараштра штатында. Араб деңизинин жээгинде, Улхас дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2008; Домбивли шаары м-н биригип кеткен). Темир жол тоому. Мумбаи шаары м-н темир жол аркылуу байланышат. Чоң Мумбаи агломерациясына кирет. Алгач б. з. ч. 4-кылымда порт катары эскерилет. 19-кылымдын башында Бомбей провинциясынын курамына (1947–60 Бомбей штатында) киргизилген. Машина куруу (электр жабдуулары), металл иштетүү, нефть ажыратуу, химия (боёктор, жуучу каражаттар ж. б.), текстиль (кебез-кездеме) өнөр жай ишканалары иштейт.