КАЛЬЦИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЬЦИ́Т (лат. calcis – аки), а к и т а ш ш п а т ы, карбонаттар классына кирүүчү ми­нерал. Химиялык формуласы CаCO3. Тригон систе­масында кристаллданат. Өңү ак, боз, ка­ралжын, саргыч. Курамындагы киринди элемен­ттерге жараша түрдүү түстө болот. Кээси түссүз. Мөлтүрөгөн тунуктары да кездешет. Кош ча­гылууну пайда кылган тунук түрү исланд шпа­ты деп аталат. Анын бетин чийсе, кош чийин болуп көрүнөт. Айнектей жалтырайт. Катуулу­гу Моос шкаласы боюнча 3. Салыштырма салмагы 2,7. Суу кошулган туз кислотасын тамчылатсак, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарып, боркул­дап кайнайт. Жер кыртышында кеңири тара­ган минерал. Акиташ, доломит, мрамор, бор


сыяктуу тектер­дин курамында жолугат. Химиялык чөк­мөлөрдө (акиташ, доломит), гидро­терм (кальцит та­рамдары) ж-а ме­таморфизм процес­синен ( мрамор ) пайда болот. Жа­ныбарлардын ске­леттерин, сөөк­-саактарын, раковиналарын түзүүгө катышат. Курулуш ишинде, акиташ өндүрүүдө, метал­лургияда, химия, кагаз, резина өнөр жайында, айнек жасоодо, полиграфияда колдонулат. Исланд шпаты микроскопто пайдаланылат.