КАЛЫҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:27, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫҢ – турмушка чыгуучу кыздын ата-эне­сине келин алуучу тараптан берилген тартуу. Калың никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизи­нен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта калың катары жамбы төлөшкөн. Мал менен төлөгөндө тогуздап эсептелген. Калың төлөөдө коом­догу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Се­беби калыңды толук бойдон өз убагында оокаттуу, малдуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр калыңды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан, баласы кеч турмуш курган. Шарт боюнча кудалашууда бычыл­ган калың толугу менен же бөлүк-бөлүк болуп төлөн­гөн. Калың төлөнүп бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлгөн. Калың төлөө кыргыздын салт­туу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уруктун жал­пы иши болгон. Аны урукташтар чогуу көтөр­гөн. Калың кыздын атасына гана эмес, уругуна тө­лөнгөн. Кийинчерээк, мындай көрүнүш өзгөрүү­лөргө дуушар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.