БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ - семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, биздин заманга чейин 12-3-кылымдар) жана Палестинадагы жазмалар (биздин заманга чейин 8-2-кылымдар) аркы­луу белгилүү. Биздин заманга чейин оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тили илгери ханакей, кийин мишнаит (Тал­муддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философиялык-илимий жана көркөм ада­бий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.