КАЛПАК
КАЛПАК , а к к а л п а к – эркектердин улуттук баш кийими.

Ал алгач агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн уютулуп, бышык басылган кийизден төбөсү бийик (шоңшогой), этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачык тагылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш менен бириктирилип жасалган. Тигиш жагы калпактын маңдайы болгон. XVIII кылымдын 2-жарымына чейин калпактын төбөсү жапызыраак, эки талаа болуп бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип же өрүлгөн кыл менен милтеленип, чети кыл, шоона менен кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок (чачык) тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн калпактын эки жеринен тилик калтырылган. XIX кылымдын 2-жарымынан калпак мурдагыдан да жапыз, төрт талаа болуп бычылып, жээги 7–12 смдей кездеме (баркыт) менен көбөөлөнүп, төбөсүнө чок тагылып, жээктерине жана талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). Калпактын төрт талаасы адам жашоосунун төрт башталмасын – от, суу, аба, жерди туюнтат. Төбөсүнө тагылган чок асмандан түшкөн нурдун адам акылына ыйгарылгандыгынын, түсүнүн актыгы аруулуктун символу, төбөсү Ала-Тоонун элеси деп эсептелет. Маңдайындагы «Манас» оюу – кыргыздын акылга баш ийгендиги. Бийиктигине жана тигилишине жараша калпактын тилик калпак, туюк (кыюуланган) калпак, айры (кыюуланбаган) калпак, ай калпак, шырыма калпак, уютма калпак, бакай калпак жана башка түрлөрү бар. Калпак кыргагынын түсү (балдар жашыл, бойдок жигиттер кызыл, орто жаштагылар ак, карылар кара) менен айырмаланат. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлөрүнүн бирикмесинде калпактын өркүндөтүлгөн заманбап түрлөрү чыгарылат. Калпак көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп да аталган.
Ы. Кадыров.