ДАЛАПОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАЛАПО́Н – отоо чөптөргө каршы пайдаланы­луучу гербицид. Сууда эрүүчү саргыч ак күкүм. Гозо, кант кызылчасы, тамеки талаасындагы, бак­тагы ж-а жүзүмзардагы бир ж-а көп жылдык отоо чөптөрдү жок кылат. Өсүмдүккө тамыры, жалбырагы аркылуу сиӊет. Пахта талаасына күзүндө тоӊдурма айдоого чейин же андан ки­йин (гектарына 40–50 кг), же жазында себүүгө 2 ай калганда (гектарына 20–30 кг) чачылат. Анча уулуу эмес.