ГНЕЙС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГНЕЙС (нем. Gneis – чирик) – метаморфизм тоо теги; массивдүү, көбүнчө жол-жол болгон гранитоид курамындагы кристаллдык сланец. Гнейс көбүнчө талаа шпатынан, аз өлчөмдө кварц, биотит, мусковит, амфибол, пироксен, гранат, силлиманит ж. б. минералдардан турат. Тыгыздыгы 2500–2900 кг/м3. Гнейске бири-бирине жарыш жана жука кат-кат болгон текстура мүнөздүү. Гнейс табиятта, айрыкча байыркы тоо тектердин арасында көп таралган. Алар о р т о г н е й с т е р жана п а р а г н е й с т е р болуп бөлүнөт. Биринчиси – жанар тоо тектердин (кычкыл жана орточо курамдагы эффузивдер менен алардын туфтары), экинчиси чөкмө тоо тектердин метаморфизм процесстеринин натыйжасында өзгөрүшүнөн пайда болот. Гнейстер курулуш материалы катары пайдаланылат. Айрым жердеги гнейстерде графит кендери кезигет.