ГИДРОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОЛО́ГИЯ (гидро... жана ...логия) – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды жана процесстерди изилдей турган илим. Гидрология изилдөө объектилерине карата океанология (океан жана деӊиз гидрологиясы), кургактык гидрологиясы (дарыя, көл, саз гидрологиясы) жана гидрогеологияга (жер астындагы суулардын гидрологиясы) бөлүнөт. Кургактык гидрологиясы өз ичинен потамологияга (дарыя жөнүндөгү илим), лимнология (көл таануу), саз таануу жана гляциологияга (мөӊгүлөр жөнүндөгү илим) деп бөлүнөт. Гидрология география илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология жана биология илимдери менен тыгыз байланыштуу. Гидрологиянын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, температурасы ж. б.) мейкиндик жана мезгил боюнча өзгөрүүсүнө байкоо жана талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу жана алдын ала болжолдоо (к. Гидрологиялык маалымат). Негизги ыкмалары – гидрологиялык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги жана лабораториялык эксперименттер. Гидрологияда географиялык жалпылоо, гидрологиялык аналогия ыкмалары жана математикалык статистика кеӊири пайдаланылат. Гидрология башында физикалык география, геология жана гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-кылымдын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Илимий аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кыргызстандын сууларынын гидрологиясын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.


Ад.: Огиевский А. В. Гидрология суши. М., 1952; Калинин Г. П. Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г. Общая гидрология. Л., 1973. С. Аламанов.