БРУДНЫЙ Абрам Львович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУ́ДНЫЙ Абрам Львович (7. 11. 1896 – 10. 2. 1959, Фрунзе) – отоларинголог, медицина илимдеринин доктору (1943), профессор (1951). Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1944). Ленинград медицина институтун бүтүргөн (1923). 1926-жылдан Фрунзедеги клиникалык оорукананын отоларингология бөлүмүнүн башчысы. 1941-жылдан КММИнин кафедра башчысы болуп иштеген. Анын негизги эмгектери дүлөй, начар уккандарды жана угуу нервинин ооруларын дарылоого арналган. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.