КАТМАНДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТМАНДУ́ – Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 м) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).

Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү­гүндө XVII–XVIII кылымдардын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (XX кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна­расы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (XV–XVIII кылымдар), Пашупатинатх (XIII кылым) храм­дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са­райлар (XX кылымдын башы) жаана башкалар бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирги­зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев­тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма­териалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишка­налары иштейт.

Катманду – өлкөнүн ири маданий жаана илимий борбору. Король академиясы, университеттер, кол­леждер, китепканалар (анын ичинде ири «Бир лайбре­ри», XIV кылым; байыркы миниатюралуу кол жазма­лар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит жана башка тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жаз­мага 1600 жыл), музейлер (анын ичинде улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. Катмандуда орто кылымдын курулуштары сак­талып, кыш менен жыгачтан салынган 2–3 ка­баттуу үйлөр менен кууш көчөлөр басымдуу. Шаар­дын борбордук бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити-Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер ти­тирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.
Катманду – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.
Театр фестивалдары, Түштүк Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. Катмандунун чет жакасынан мармар казылып алынат.