КАРАЧАЙЛАР
КАРАЧАЙЛАР (өздөрүн карачайлыла деп аташат) – Карачай-Черкестин жергиликтүү калкы. Россия Федерациясы, Орто Азия (анын ичинде Кыргызстанда – (2200), Казакстан, Түркия, Египет, Сирия, Америка Кошмо Штаттарында да жашашат. Жалпы саны 300 миң киши, анын ичинде 169, 2 миңи Карачай-Черкесте (2002). Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер. Карачай элинин калыптануусуна (XIII–XIV кылымдар) жергиликтүү тоолуктар, аландар, кыпчактар, булгарлар катышкан. 1828-жылы Россиянын курамына кирген. 1920-жылы Карачай округу, 1922-жылы Карачай-Черкес автономдук облусу, 1926-жылы Карачай автономдук облусу түзүлгөн, бирок 1943-жылы Карачай автономдук облусу жоюлуп, карачайлар күч менен өлкөнүн чыгыш аймактарына көчүрүлгөн.

1957-жылы гана Карачай-Черкес автономдук облусу калыбына келтирилип, карачайлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. 1991-жылы Карачай-Черкес республикасы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасалган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салынган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, сыра кеңири колдонулат.