КАРАЧ АКЕ
КАРАЧ АКЕ , Карач Мендегул уулу (1837, туулган жери белгисиз – 1914, азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Чолок айылы) – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; чечен. Калыстыгынан тайбаганы үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган. Уруулар аралык чыр-чатак, жаңжал-доолорду калыс карап, туура чечкендиктен, ал чечен Карач аталган. Карач акенин теги калмак экени, олжого түшүп, Шапак баатыр асырап алганы тууралуу аңыз кептер айтылат.
К. Асанбеков.