КАРАМОЛДО Орозов
КАРАМОЛДО Орозов (өз аты – Токтомамбет;1882, азыркы Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы – 8. 7. 1960, ошол эле жер) – залкар комузчу, Кыргыз ССР эл артисти (1935). Москвада өткөн Элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук фестивалынын лауреаты (1939). 1939-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү болгон.

1928-жылы Бишкекке чакырылып, 30дай күүсүн А. В. Затаевич нотага түшүргөн. 1931–1936-жылдарга чейин Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1936–1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти. 1940–1941-жылдары СССР композиторлор союзунун алдындагы обончу-композиторлордун курсунда окуган. 1958–1960-жылдары М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө сабак берген. Кыргыз искусствосунун (1939), адабияты менен искусствосунун (1958) Москвада, 1942–1944-жылдары Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын Фрунзеде, Ташкентте өткөн музыкалык он күндүктөрүнө катышкан. «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Такмаза», «Жөө калды», «Кара өзгөй», «Чоң кербез», ошондой эле акыл-насыят жана философиялык маанидеги «Насыйкат», «Ибарат», «Дүнүйө» жана башка күүлөрдү чыгарган.
Карамолдонун күүлөрү («Ибарат», «Сынган бугу», «Көкөй кести» жана башкалар) бир нече симфониялык жана опералык чыгармалардын, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринин репертуарынын уюткусун түздү. 1951-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Карамолдо. Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке, Корумду айылындагы орто мектепке, көчөгө ысмы берилген. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов Карамолдонун музейин анын айылында ачкан, «Карамолдо» (1962), «Карамолдонун күүлөрү» (1977) аттуу китептерди жазган.