КАРАМОЛДО Орозов

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМОЛДО Орозов (өз аты – Токтомамбет;1882, азыркы Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ко­румду айылы – 8. 7. 1960, ошол эле жер) – залкар комузчу, Кыргыз ССР эл артисти (1935). Москвада өткөн Элдик аспаптарда ой­ноочулардын Бүткүл союз­дук фестивалынын лауреаты (1939). 1939-жылдан СССР композиторлор союзу­нун мүчөсү болгон.

1928-жылы Бишкекке чакырылып, 30дай күүсүн А. В. Затае­вич нотага түшүргөн. 1931–1936-жылдарга чейин Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1936–1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик филар­мониясынын артисти. 1940–1941-жылдары СССР компо­зиторлор союзунун алдындагы обончу-компози­торлордун курсунда окуган. 1958–1960-жылдары М. Кү­рөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайынын кыр­гыз эл аспаптар бөлүмүндө сабак берген. Кыр­гыз искусствосунун (1939), адабияты менен искусствосунун (1958) Москвада, 1942–1944-жылдары Орто Азия республикала­рынын жана Казакстандын Фрунзеде, Ташкент­те өткөн музыкалык он күндүктөрүнө катышкан. «Сын­ган бугу», «Көкөй кести», «Такмаза», «Жөө кал­ды», «Кара өзгөй», «Чоң кербез», ошондой эле акыл-­насыят жана философиялык маанидеги «Насыйкат», «Ибарат», «Дүнүйө» жана башка күүлөрдү чыгарган.
Карамолдонун күүлөрү («Ибарат», «Сынган бугу», «Көкөй кести» жана башкалар) бир нече симфониялык жана опералык чы­гармалардын, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик филармония­сынын эл аспаптар оркестринин репертуарынын уюткусун түздү. 1951-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Карамолдо. Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркес­трине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке, Ко­румду айылындагы орто мектепке, көчөгө ысмы берилген. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов Ка­рамолдонун музейин анын айылында ачкан, «Ка­рамолдо» (1962), «Карамолдонун күүлөрү» (1977) аттуу китептерди жазган.