БЕЗЕТКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗЕТКИ – теридеги май бездеринин сезгениши. Бездер майды көп иштеп чыккандыктан, алардын көӊдөйчөлөрү менен түтүкчөлөрү бүтөлүп, стафилакокктун киришинен кызарып, бүдүрлөр пайда болот. Аны дарылабаса сезгенүү күчөп, ооруйт, ириӊдейт, айыкканда так калышы мүмкүн. Өспүрүмдөрдө нерв системасы, жыныс бездери тез өзгөрүп тургандыктан, безетки көп кездешет. Аны врач-дерматолог же косметолог дарылайт. Дарылоодо синтомицин эмульсиясы, ультра кызгылт көк нур, витамин ж. б. колдонулат. Алдын алууда безеткиге түрткү болуучу ооруларды өз убагында дарылоо, терини күтө билүү чоӊ мааниге ээ.