БЕЗГЕК ЧИРКЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗГЕК ЧИРКЕЙИ , а н о ф е л е с (Anopheles) – курт-кумурскалар классындагы чиркейлер уруусу. Оозу сайып сорууга ылайыкталган. Буттары денесинен эки эсе узун; ургаачысы жаныбар жана адам канын сорот, эркеги өсүмдүк ширеси менен азыктанат. Жумурткасын нымдуу жерге таштайт. Сууда өөрчүүйт. Жумурткадан өөрчүп чыккан личинка 4 жолу түлөп, куурчакчага айланат. Жер шарында 300, КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү, ошондой эле Кыргызстанда да учурайт. Алар безгек мителерин оорулуудан таза адамга жугузат. Чиркейдин чагышынан сактаныш үчүн ар түрдүү дарылар, көбүнчө диметилфталат пайдаланылат.