КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–VI кылымдарындагы хунн урууларынан же усундардан калган дөбө­-мүрзөлөр. Кетмен-Төбөдөгү Көөдүл кыштагынын жа­нында жайгашып, 350дөн ашык мүрзөдөн ту­рат. Казанактуу 80 мүрзө изилденген. Алардан карапа, жыгач идиштер, койдун жамбаш жана куймулчак сөөктөрү, бычак, жаа, темир учтуу жебелер, темир тогоо, акак таш чөгөрүлгөн ал­тын сөйкө табылган. 1959, 1964–1965-жылдары архео­лог Ы. Кожомбердиев казып, изилдеген.