КАРА КАГАЗ
КАРА КАГАЗ , р у б е р о и д – курулушта ным өткөрбөө максатында колдонулуучу түрмөк материал. Ал картондун (салмагы 350–500 г/м2) эки жак бетине жумшак нефть битуму сиңирилип жана экинчи катмары кыйындык менен эрүүчү битум жабыштырылып даярдалат. Кара кагаздын сырткы бети бүртүк жана кабырчыктуу (кесек кум, асбест) келип, күн нурунан сактоо менен туруктуулугу жогору. Кара к.агазтүрмөгүнүн эни 650– 1100 мм, аянты 20 м2 болот.