ГИДРОГРАФИЯ
ГИДРОГРА́ФИЯ (гидро… жана …графия) – гидрологиянын бир тармагы. Ал экиге бөлүнөт: 1) к у р г а к т ы к г и д р о л о г и я с ы н ы н гидрографиясы айрым суу объектилеринин (дарыя, көл, суу сактагыч) алган ордун, физикалык, географиялык шарттарын, көлөмү менен режимин, пайдалануу жолдорун жана адамдын тийгизген таасиринен алардын режиминин өзгөрүшүн изилдеп, мүнөздөйт. 2) о к е а н о л о г и я гидрографиясы океандарга жүргүзүлгөн байкоолорго мүнөздөмө берет. Дүйнөлүк океандын гидрометеорологиялык режими менен геодезиялык талаалары, жээк түзүлүштөрү, океан менен деӊиз түптөрүндөгү кыртыштар жана алардын рельефинин динамикасы изилденет. Гидрография 18-кылымдын 1-жарымында Россияда (1718), Францияда (1720), Улуу Британияда (1737) башталган.