БОЗКЕМПИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗКЕМПИР, с о ф о р а (Sophora) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы дайым жашыл, анча чоӊ эмес дарак же бадал. Жалбырагы татаал канаттай. Гүлү сары, саргыч, агыш, сыякөк түстө, чачы же шыпыргыдай топ гүлдүү. Чанагы цилиндрдей же төрт кырдуу. Май айында гүлдөп, мөмөсү августта бышып жетилет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү бар. Гриффит бозкемпир Кыргызстанда Разансай капчыгайында, Эчкилүү-Тоодо гана сейрек кездешкендиктен Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Япон бозкемпири Кыргызстанда кооздук үчүн өстүрүлөт. Фергана тоолорунда жапайы түрү өсөт. Суукка чыдамсыз. Уулуу өсүмдүк. Андан дары, инсектициддер, боёк алынат.