БОДИБИЛДИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОДИБИ́ЛДИНГ (англ. вody – дене ж-а building – куруу), к у л ь т у р и з м – адамдын булчуӊдарын өрчүтүү максатында чыӊоочу шаймандар (гантель, штанга ж. б.) м-н жасалуучу физикалык көнүгүүлөр тобу. Ал денени чыӊдоочу массалык ж-а спорттук болуп эки түргө бөлүнөт. Байыркы Грекияда кул ээлөөчү доордо эле (б. з. ч. VI – I кылымдарда) пайда болгон. XIX кылымдын аяк ченинде спорттун түрү катары Америкада, Европада, кийинчерээк Россияда өнүгө баштаган. Бодибилдингдин максаты – булчуӊдарды өрчүтүү ж-а адамдын дене булчуӊдарын рельефтүү, кооз калыптандыруу. Бодибилдинг м-н машыга баштаганда спортчу өзүнүн салмагын, боюнун узундугун, төшүнүн кеӊдигин, мойнунун, белинин, далысынын, жоон санынын, балтырынын жоондугун ж-а көөдөн кеӊдигин өлчөөсү керек. Ар бир эки айда көрсөткүчтөрү текшерилет. Бодибилдиг м-н машыгууда атайын

ыкмалар да болот. 1968-ж. Эл аралык федерациясы түзүлгөн. Бодибилдинг боюнча эл аралык, дүйнөлүк мелдештер өткөрүлөт.