БИШКЕК ТЕМИРЖОЛ ВОКЗАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:00, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫ – «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясына (2005-жылдан) караштуу Бишкек-2 темиржол бекетинде темир жол жүргүнчүлөрүн тейлөөчү имарат-жай. 1938-жылдан иштейт. Архитектура Е. Лисмардын долбоору боюнча курулган. Интерьерин жасалгалоого сүрөтчүлөр А. И. Игнатьев м-н Л. Месарош катышкан. Вокзалда билет кассалары, маалымат бюросу, автоматтык маалымат курулмасы, жүк сактоочу автоматтык камера, VIP – зал, эне ж-а бала бөлмөсү, бажы бөлмөсү, көмөкчү жайлар ж. б. бар. Мындан поезддер Москва, Новокузнецк ж-а Екатеринбург сыяктуу Россиянын эӊ ири шаарларына, Казакстандын Мерке, ошондой эле жергиликтүү шаарлар – Токмокко ж-а жайында Балыкчыга каттайт.