КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ
КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ – 1) чарбалык ж-а башка ишмердикке катышуу боюнча адамдар ортосундагы өз ара алака-катышты мүнөздөөчү экономикалык мамилелер; 2) жарандардын колдонуудагы мыйзамдарды бузбаган ж-а өздүк, коомдук керектөөнү канааттандырууну улантуучу ишмердиги. Калктын иш менен камсыз болуусу өздүк эмгекке негизделген киреше алууну болжолдойт. Ал коомдун, эмгек коллективинин, ар бир кызматкердин эмгекке жөндөмдүүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Иш м-н камсыз болгондукка коомдук пайдалуу ишмердик м-н алектенгендер: акы алуу м-н жалданып иштегендер (толук же толук эмес жумушчу күн же жума режиминде); жекече эмгек ишмердиги м-н алектенгендер; үй чарбачылыгында иштегендер; аскер кызматкерлери; ишкерлер; фермерлер; кооператорлор ж-а калктын башка категориялары кирет. Мындан тышкары анын үйдөн иштөө, окуучулардын бош убактысында иштөөсү, бир эле убакта бир нече жерде иштөө деген түрлөрү да бар. Рынок мамилелерине өтүү шартында биздин өлкөдө калктын иш менен камсыз болуусу проблемасы курч коюлууда. Айрым кесип ээлеринин ж-а адистердин жетишпегендигине карабастан, Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунда жумушсуздук өсүүдө. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызмат ишмердигин түп-тамырынан жакшыртуу маселеси турат. Убактылуу иштебеген жарандарга социалдык гарантиялар, анын ичинде жумушсуздарга жөлөк пул ж-а анын үй-бүлө мүчөлөрүнө материалдык жардам төлөө маселеси келип чыгууда.