КАЛИНИНА Наталья Михайловна
КАЛИ́НИНА Наталья Михайловна (8. 12. 1948-жылы туулган, Украина, Донецк) – техника илимдеринин доктору (1999), профессор (1999), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Донецк медицина окуу жайын (1967), Москва тоо институтун (1975) бүтүргөн. Ошол эле жылдан Карелияда тоо жардыруу иштери боюнча жетекчи болуп иштеген. 1979-жылдан Фрунзедеги «Союзвзрывпром» трестинин курулуш лабораториясында бургулап жардыруу иштери боюнча инженер, ФПИнин лабораториясында ага илимий кызматкер (1986–90), Кыргыз ССР ИАнын тоо тектеринин физикасы ж-а механикасы институтунда (1990–94) иштеген. 1994-жылдан КРСУда профессор, жарылуу физикасы ж-а синергетикасы лабораториясынын башчысы. Детонация ж-а синергетика теориясы боюнча адис. 80ден ашык илимий иштердин, анын ичинде 4 монографиянын, 10 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Низкоплотные и сверхнизкоплотные взрывчатые смеси. Механизм детонации (в соавторстве). Б., 1998; Оправдание синергетики. Синтез науки, философии и религии. Б., 2003.