КАЛИНИН (Ат-Башы районундагы кыштак)
КАЛИ́НИН – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ак-Талаа айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 2190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 20 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 245 км. Калкы 2855 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.