КАЛИНИН (Жайыл районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЛИНИН to КАЛИНИН (Жайыл районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́НИН – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Красный Восток айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 729 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Ка­ра-Балта шаарына туташып кетет. Калкы 4086 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, медпункт ж-а дарыкана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Э. Скворцова туулган.