КАЛИНИН (Жайыл районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́НИН – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Красный Восток айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 729 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Ка­ра-Балта шаарына туташып кетет. Калкы 3805 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, медпункт ж-а дарыкана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Э. Скворцова туулган.