КАЛЕДОН БҮКТӨЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕДО́Н БҮКТӨЛҮШҮ (Caledonia – Шотлан­диянын лат. аты) – жер кыртышынын палео­зой заманында (кембрий, ордовик, силур, кээде девон мезгилдеринде) пайда болгон бүктөлүүлө­рү. Тоо пайда болуу, граниттешүү процесстери жүргөн. Терминди илимге биринчи жолу франциялык геолог М. Бертран киргизген (1887). Каледо­ниддерге Европа (Ирландия, Шотландия, Уэльс, Түндүк Англия, Скандинавия жарым аралынын түндүк-ба­тыш тарабы, Шпицберген аралы), Азия (Борбордук Ка­закстандын батыш бөлүгү, Түндүк Теңир-Тоо, Ба­тыш Саян, Тоолуу Алтай, Моңгол Алтайы, Кытайдын түштүк-чыгышы), ошондой эле Чыгыш Авст­ралия (Тасмания аралы м-н бирге), түндүк ж-а чыгыш Гренландия, Түндүк Аппалач тоолору кирет. Урал, Жогорку Яна – Чукотка (түндүк-чыгышы), Чы­гыш Аляска, Борбордук ж-а Түндүк Анд ж. б. жерлер­де кездешет. Каледон бүктөлүшү айрым жаш тоолор орун ал­ган аймактарда да бар. Каледон бүктөлүшүнүн фазалары бо­луп, алгачкы каледон (алгачкы кембрий), са­лаир (ортоңку кембрийден акыркы кембрийдин аягына чейин), такон (акыркы ордовиктен си­лурдун башталышына чейин), акыркы каледон (силурдун аягынан девондун башталышына чейин), оркад (девондун орто ченинде) фазала­ры саналат. Алгачкы каледондо бүктөлүү цик­ли күчтүү жүрүп, чопо-сланецтүү (аспид), грау­вактуу, кээде флиштүү, карбонаттуу, спилит-ке­ратофирлүү, диабаздуу катмарлар пайда болгон. Айрым жерлерге гипербазиттер тараган. Акыр­кы каледондо тоо пайда болуу процесси жүрүп, тоо арасындагы ойдуңдарга кызыл түстүү кон­тиненттик чөкмөлөр (моласстар) чөккөн. Эффу­зивдер м-н туфтардын калың катмарлары орун алган. Айрым аймактарда геосинклиналдуу өнүгүү процесси толук аягына чыкпай калган. Четки ойдуңдар болбойт. Калийлүү граниттер аз кездешет. Ошентип Каледон бүктөлүшү кийинки бүктөлүү­лөрдөн кескин айырмаланат. Кыргызстанда Түндүк Те­ңир-Тоо каледон бүктөлүшүнөн көтөрүлгөн. Көпчүлүк кен бай­лыктар аны м-н тыгыз байланышкан.


Ад.: Пронин А. А. Каледонский цикл тектонической истории Земли. Л., 1969; Фёдоровский В. С. и др. Тектоника, Метаморфизм и магматизм коллизионных зон каледонид Центральной Азии // Геотектоника. 1995. № 3.

А. Бакиров.