КАЛЕ
КАЛЕ́ – Франциянын түндүгүндөгү шаар. Паде-Кале департаментинде. Калкы 72,9 миң (2008; шаар айланасы м-н 100 миң). Па-де-Кале кысыгынын жээгинде, Дувр (Британия) портунун тушунда жайгашкан. Порт (жылына 41,5 млн т жүк ташылат). Тез ылдамдыктагы темир жол аркылуу Париж, Лондон ж-а Брюссель шаарлары м-н байланышат. Шаар 8-кылымдан белгилүү. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 68%и тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Анын башкы секторлору: транспорт ж-а логистика. Текстиль, тигүү (анын ичинде тор токуу, аялдардын тигилүү көйнөгү ж. б.), электр-техника (анын ичинде суу астында иштөөчү телекоммуникация ж-а электр кабелдери), химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Мэриянын коңгуроолуу имараты же «беффруа» (20-кылымдын башы) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Кароол мунарасы (13-кылым), Нотр-Дам чиркөөсү (13–15-кылымдар), 17-кылымдын фортификация курулуштары сакталган. Университет, музейлер бар.