КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛОГИЯ
КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ – өндүрүш таштандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган технологиялык процесс. Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билимди, ыкмаларды ж-а каражаттарды талап кылат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же такыр чыгарбаган зат м-н камсыз кылуучу жалпы эле өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык стратегиясы болуп саналат. Өнөр жай экологиясына сунуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдүү өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схема түрүндө көрсөтүлгөн. Калдыксыз технология төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө ж-а айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү ж. б.