КАЛДЫБАЕВ Салидин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДЫБАЕВ Салидин (15. 11. 1958-жылы туулган, На­рын облусу, Жумгал району, Арал айылы) – педа­гог, педагогика илимдеринин доктору (2009). КМУнун механика-математика факультетин бүтүргөн (1980). Республикалык эсептөө борборунда инженер-программист (1981–83), КМУда лаборант (1983–87), окутуучу (1987–91), Кыргыз билим берүү институтунда бөлүм

башчы (1994–96), КР улут­тук тест жүргүзүү борборунун директорунун орун басары (1996–98), НМУда кафедра башчысы (1998), бөлүм баш­чы (2000–03), декан (2003– 05), билим берүүнүн сапа­тын мониторингдөө борбору­нун директору (2005–06), жаңы маалыматтык техно­логиялар, экономика ж-а башкаруу факультетинин деканы (2006–10), 2010-жыл­дан НМУнун ректору болуп иштеген. 120дан ашуун илимий-мето­дикалык эмгектин (анын ичинде 16 монография, окуу куралы ж-а окуу-методикалык колдонмолор) автору.