КАЛГАРИ
КА́ЛГАРИ – Канаданын түштүк-батышындагы шаар. Альберта провинциясында. Аскалуу тоолордун этегинде, Боу дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008, шаар айланасы м-н 1,2 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Торон-

то, Монреал ж-а Ванкуверден кийинки). Эл аралык аэропорту бар. Калкынын 15%и Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендер (анын 1/2 и кытайлар). Калгари аркылуу Трансканада темир жол ж-а автомобиль магистралы өтөт. 1875-жылы негизделе баштаган. 1884-жылдан шаар. Нефть ажыратуу, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (анын алдында Түндүк Америка Арктика ИИИ, технологиялык институт), коллеждер ж-а жогорку мектептер, музейлер (анын ичинде Гленбоу; Канададагы эң ири, сүрөт галереясы, китепкана ж-а архив), планетарий, Кытай маданий борбору бар. Жыл сайын эл аралык кинофестивалдар өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган. Кышкы спорттун дүйнөдөгү эң ири борбору. 1988-жылы 15-кышкы Олимпия оюндары, бейсболдун дүйнөлүк чемпионаттары (1992, 1996, 2005), музда көркөм тебүү (1972, 2006), коньки спорту боюнча (1990, 1992, 2006) мелдештер өткөрүлгөн. Шаарда нефть-газ компанияларынын көптөгөн кеңселери ж-а штаб квартиралары, Калгариден түндүк-чыгышта королдук палеонтология (динозаврлардын дүйнөдөгү эң ири) музейи жайгашкан.