КАЛБА
КАЛБА (1949-жылга чейин М о л о к е) – Талас районундагы кыштак. Т. Бекмолдоев атындагы айыл округуна караштуу. Калба суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1519 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Талас шаарынан ж-а райондун борбору Көк- Ой кыштагынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 140 км. Калкы 1827 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Г. Байсабаева туулган.