КАЛАЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАЧА – Баткен облусунун Кадамжай районунда­гы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Пүлгөн кыштагынан 55 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 8 км. Кал­кы 1444 (2007); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенип, тоют даярдашат. Клуб, медпункт бар. Тамактануу жайы, наабайкана иштейт.