КАЛАМАНТАГ АКИТАШ КЕНИ
КАЛАМАНТАГ АКИТАШ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 15 км батыш тарапта, Каламантаг тоосунун түштүк капталында. 1954-жылы чалгындалган. Кен аймагын девон мезгилинде пайда болгон акиташ, сланец, кумдук тектери түзөт. Пайдалуу катмардын калыңдыгы 87 м, узундугу 3,5 км. Акиташ теги боз, агыш түстө. 1 кг акиташтан 2,2 л эринди (аки) алынат, ал 2 мүнөттө өчүп, 88°Сге чейин ысыйт. Акиташ тегин 1230°С температурада бышырса, 1-сорттогу аз магнезийлүү аки алууга болот. Запасы А категориясы боюнча 2368 миң т, В – 514 миң т.