ГЕОКРИОЛОГИЯ
ГЕОКРИОЛО́ГИЯ (гео... жана криология), т о ӊ т а а н у у – жер кыртышындагы тоӊ катмарынын түзүлүшүн, курамын, касиетин, пайда болуу себептерин, таралышын жана өөрчүү тарыхын, ошондой эле анын тоӊуусуна жана эрүүсүнө байланыштуу процесстерди (геофизикалык, физика-геологиялык, геоморфологиялык ж. б.) изилдөөчү илим. Геокриология геологиялык илимдерге кирет. Ал курулуш, транспорт, айыл чарба ж. б. багыттар боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу тоӊ процесстерине таасир этүү ыкмаларын иштеп чыгат. Ага байланыштуу геокриологиянын эки багыты калыптанууда – жалпы жана инженердик геокриология. Тоӊ таануу 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап геологиянын, географиянын, геофизиканын жана инженердик-техникалык илимдердин чегинде пайда болгон. Илимдин калыптануусуна орус илимпозу М. И. Сумгин зор салым кошкон. Изилдөөсүндө геологиялык, геофизикалык, географиялык илимдердин экспедициялык жана камералык, физикалык, физика-химиялык лабораториялары, математиканын ыкмалары пайдаланылат. Геокриологияга байланыштуу көптөгөн илимий эмгектер жарык көрүүдө.
Ад.: Ершов Э. Д. Общая геокриология. М., 2002; Хрусталев Л. Н. Основы геотехники в криолитозоне. М., 2005.