ГЕОКРАТОН МЕЗГИЛДЕРИ
ГЕОКРАТО́Н МЕЗГИЛДЕРИ Ж е р т а р ы х ы н д а – Жердин өнүгүшүнө тектоникалык кыймылдын таасиринен жер кыртышы көтөрүлүп, деӊиз суулары тартылып, кургактык аянтынын бир кыйла кеӊейген учурлары. Геократон мезгилдери жана анын карама-каршы болгон талассократон мезгилдери Жердин өнүгүү тарыхында эчен ирет алмашып, бир эле убакытта бир нече континентти кучагына алган. Геократон мезгилдерине силурдун аягы – девондун басымдуу бөлүгү, таш көмүр мезгилинин аягы, пермь бүт, триастын бир бөлүгү, неоген жана антропоген кирет. Геократон мезгилдери үчүн ариддүү жана суук климаттык зоналардын кескин кеӊейиши, континенттик кызыл түстүү чөкмөлөрү (эол, аллювий жана көл чөкмөлөрү), өтө туздуу (доломит, гипс, таш туз) лагуналары бар туюк жана жарым-жартылай туюк деӊиз алаптары мүнөздүү.