ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК – жер бетинде атайы геодезиялык белгилер түрүндө орнотулган чекиттердин (пункттардын) системасы. Геодезиялык пункттардын географиялык өз ара жайгашуу абалы план жана бийиктик боюнча геодезиялык ченөөлөрдүн натыйжасында аныкталып, өтө керек маалыматтар катары дайыма такталып турат. Тактоодо Жердин жасалма спутниктеринен жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары да пайдаланылат. Геодезиялык тармак топографиялык карталарды түзүүдө алардын негизи жана белгилүү бир жерге дал байланыштыруу муктаждыгындагы инженердик изилдөө жана курулуш тургузуу жумуштарынын башкы таяныч пункттары болуп эсептелет.