ГЕОДЕЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕ́ЗИЯ (гео... жана грекче daio – бөлөмүн, бөлүштүрөм) – Жердин кебетесин (формасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоочу жана анын бетин планга же картага түшүрүү үчүн жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Азыркы геодезия – жогорку геодезия, космостук геодезия, астрономиялык геодезия, топограф., инженердик жана деӊиздик геодезия болуп бөлүнөт. Ж о г о р к у геодезия негизинен Жер өлчөмүн, турпатын, формасын жана анын гравитациялык талаасын, ошондой эле геодезия тирек пункттардын торун түзүү ыкмаларын жана теорияларын изилдейт. Ко с м о с т у к геодезия негизинен асман телолору, орбиталардын кыймылын, жердин гравитациялык талаасынын параметрлерин жана алардын убакыт аралык өзгөрүүсүн, геодинамикалык процесстерин изилдейт жана геодезиялык спутниктердин, ошондой эле байкоо жүргүзүүчү станциялардын жардамы менен жүргүзөт. А с т р о н о м и я л ы к геодезия Жер бетинин геодезиялык пунктарынын торчолорун түзүү менен бирге долбоорлоп, гравитациялык талаасын, турпатын (фигурасын) изилдөөдө астрономиялык координаталардын жана багыт азимутунун ыкмаларын колдонот. Г е о д е з и я (жөн эле геодезия) план жана карта түзүү үчүн жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнүн методикасын жана техникасын иштеп чыгат. Бул жумуштардын жыйындысы – топографиялык сүрөттөө, ага байланыштуу геодезиянын бөлүгү топография деп аталат. Топографиялык сүрөттөөлөр түздөн-түз жер бетинде ченөө жана учуучу аппараттардын жардамы менен

жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. Аэросъёмка) аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын топографиялык карталары түзүлөт. Гидротехникалык, өнөр жайлык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу жана аларды пайдаланууда колдонулуучу геодезия жумуштардын ыкмаларын геодезиянын бир тармагы – и н ж е н е р д и к (колдонмо) геодезия иштеп чыгат. Д е ӊ и з геодезиясы дүйнөлүк океанда геодезия иштерди жүргүзөт, негизги максаты: жер бетинин деӊиз түптөрүндөгү бөлүгүнүн тектоникалык түзүлүшүн чагылдырган батиметриялык карталарды түзүү; ар кандай инженердик иштерди океан, деӊиз мейкиндиктериндеги чек араларды аныктоо ж. б. деӊиздик тирек торчолорун, жалпы геодезиялык жана атайын максаттагы айрым пунктарды түзүү.
Геодезия байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план жана карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Биздин заманга чейин 7-кылымда Вавилония менен Ассирияда чопо такталарга сызылган географиялык карталар жасалган. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда Жер шар сымал экендиги жөнүндө болжоолор айтылган. Биздин заманга чейин 3-кылымда Египетте грек окумуштуусу Эратосфен градустук өлчөөлөрдүн жардамы менен Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы геодезия жана анын талаптарына өтө жакындашкан геодезиялык жумуштар 17-кылымдан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү жана триангуляция ыкмасы геодезиянын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-кылымда И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан жана Жер шар сымал эмес, айлануу огунун багытында жалпайган сфероид же эллипсоид түрүндө экенин далилдеген. Россияда геодезия жумуштары 11-кылымда башталган. 1701-жылы Москвада Россиядагы алгачкы астрономиялык обсерватория жана математиктер, астрономдор менен географтарды даярдоочу математикалык жана навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топографиялык сүрөттөөлөр 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башталышында жүргүзүлгөн. 19-кылымда В. Я. Струве жана геодезист К. П. Теннер меридиан жаасынын 3000 кмге чейинки (Түндүк Муз океандан Дунайга чейинки) аралыгын аныктаган. Натыйжада геодезиянын тармактык 265 пункту түзүлгөн. Геодезиялык иштерди кийинчерээк орус окумуштуулары Ф. Н. Красов, А. А. Михайлов, Н. А. Урмаев ж. б. уланткан. Биздин заманга чейин 4-кылымда «геодезия» термини Аристотелдин эмгектеринде кездешет. Геодезиянын маалыматтары астрономия, геология, геофизика, космонавтика ж. б. илимдерде жана эл чарбасында колдонулат.


Ад.: Хаимов З. С. Основы высшей геодезии. М., 1984; Крылов В. И. Космическая геодезия. М., 2002; Кузнецов П. Н. Геодезия. М., 2002. Ч. 1; Инженерная геодезия/Под ред. Д. Ш. Михелева. 4-е изд. М., 2004.