КАЙЫҢДЫ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ КЫРКА ТООСУ Борбордук Теңир-Тоодо­гу Кайыңды ж-а Көйкап сууларынын аралыгын­да жайгашкан. Ак-Суу районунун аймагында. Меридиан кырка тоосунан бөлүнүп, Сары-Жаз капчыгайына чейин созулат. Узундугу 78 км. Эң жазы жери 14 км. Орточо бийиктиги 4900 м, эң бийик жери 5784 м. Рельефи альп тибинде, капталдары капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Чыгыш тарабы бийик, мөңгүлүү; батышка карай төмөндөп, Кара-Арча ашуусунун жанында 3000 мге чейин жапыздайт. Андан батышка карай бийиктеп, 5000 мге жеткен Үч-Чат-Кумар тоосу м-н бүтөт. Негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө ж-а магма тоо тектерден турат. Этегинде неогендин конгломераттары, кырларында гер­циндин гранит-диорит интрузиялары жатат. Азыркы мезгилде да тез көтөрүлүп жаткан меган­тиклиналдык түзүлүш. Түндүк капталына шалбаа­луу талаа, шалбаалуу токой, субальп, альп шалбаасы ж-а субнивалдык, нивалдык ланд­шафт алкактары мүнөздүү. Түштүк капталы жа­лама зоокалардан туруп, Көйкап суусунун ну­гуна чейин созулат.