КАЙЫҢДЫ (Кемин районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округунун борбору. Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бе­кети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарап­та. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1438 (2022); негизинен картөшкө өстүрүшөт ж-а мал багышат. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, КР УИАнын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Дания­ров туулган ж-а залкар комузчу Муратаалы жа­шаган.