КАЙЫҢДЫ (Панфилов районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЙЫҢДЫ to КАЙЫҢДЫ (Панфилов районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ – Чүй облусунун Панфилов районунда­гы шаарча (1934-жылдан), райондун борбору. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 860 м бийикте жайгашкан. Биш­кек шаарынан 88 км чыгыш тарапта. Кара-Балта темир жол бекетинен 20 км. Шаарча аркылуу Чал­дыбар – Бишкек – Балыкчы темир жолу өтөт. Кыштак катары 1917-жылы негизделген. Калкы 10 миң (2022). «Кайыңды кант», «Кайыңды кабель заводу», «Кайыңды эт комбинаты» АКтары, кыш заводу, «Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому иш­тейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, маданият үйү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врач­тар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайла­ры, ресторан, мончо, сауналар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго обелиск тургузулган.