КАЙЫҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢ (Веtulaceae) – жабык уруктуу өсүм­дүктөр тукуму. Дарак же бадал. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашкан. Бир үйлүү, айрым жыныстуу. Аталык гүлдөрү ци­линдр сымал узун сөйкөчө топ гүлгө чогулган. Аталыгы 2–12. Энелик топ гүлү – машактай. Мөмөсү 1 уруктуу, жаңгак же жаңгакча канат­туу. Кайыңдын 150 түрдү бириктирген 6 уруусу, Кыргызстанда 8 түрү белгилүү. Түндүк жарым шардын мелүүн ж-а суук климатына ыңгайланышкан. Жарык жерде жакшы өсүп, кайыңдуу токойду түзөт. Жыгачынан баалуу эмерек жасалат. Жал­бырак бүчүрлөрү, ширеси дары-дармек жасоодо пайдаланылат.