КАЙЫРМА (Чүй районундагы кыштак)
КАЙЫРМА – Чүй районундагы кыштак. Он-Бир- Жылга айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 20 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 901 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. ФАП, китепкана бар.