КАЙЫРМА (Базар-Коргон районундагы кыштак)
КАЙЫРМА – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 23 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 2359 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «Кайырма» аталып калган.