КАЙТАЛАНБАС ПРОЦЕСС
КАЙТАЛАНБАС ПРОЦЕ́СС – белгилүү бир гана тарапка багытталган физикалык процесс. Аларга жылуулук өткөрүмдүүлүк, диффузия, суюктуктун агышы ж. б. кирет. Бардык кайталанбас процесстер жаратылышта белгилүү бир багытка өзүнөн өзү жүрөт ж-а тескери багытка өз алдынча өтө албайт. Аларда энтропия оң. Туюк системада кайталанбас процесс энтропияны көбөйтөт.