ИДРИСИ
ИДРИ́СИ (al-Idrisi) 1100, Марокко, Сеуте – 1161 же 1165 – өлгөн жылы белгисиз] – араб географы жана саякатчысы. Кордовадан билим алган. Сицилия королу Рожер IIде кызмат өтөгөн. Анын өтүнүчү менен «Рожердин китеби» (1145) деген китеп жазган. Анда Европа жана Африка жөнүндө кызыктуу тарыхый жана тарыхый-географиялык маалыматтар камтылган. Пиреней жарым аралына, Францияга, Англияга, Кичи Азияга саякат жасап, ал өлкөлөр тууралуу маалымат чогулткан. Ал дүйнөнүн картасын түзгөн.