КАЙНАР (Кара-Буура районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:30, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНАР – Талас облусунун Кара-Буура районунда­гы кыштак. Көк-Сай айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 65 км батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 1364 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, тегирмен иштейт.