КАИР КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
КАИ́Р КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1943) Каирде 1943-жылы 22–26-ноябрда өткөрүлгөн. АКШнын Президенти Ф. Рузвельт, Улуу Британиянын премьерминистри У. Черчилль, Кытайдын Гоминьдан өкмөтүнүн башчысы Чан Кайши, алардын согуш ж-а саясий маселелери боюнча кеңешчилери катышкан. Каир конференциясында кабыл алынган Декларацияда (1943-жылы Тегеран конференциясында аны м-н Совет өкмөтү таанышкандан кийин 1943-жылы 1- декабрда жарыяланган) АКШ, Улуу Британия ж-а Кытайдын өкмөттөрү «...башка жерди басып алууга умтулбастыгын ж-а аймактык экспансия жөнүндө ниеттенбестигин» салтанаттуу билдиришкен. Анда союздаштар Японияны басып алган бардык аймактарынан, анын ичинде 1-дүйнөлүк согушта (1914–18) ээлеген Тынч океандагы аралдардан ажыратууга талапкердигин көрсөтүшкөн. Декларацияда Япония Кытайдан алган бардык аймактарды (Манжурия, Формоза, Пескадор ж. б. аралдар) Кытай Республикасына кайтаруу талап кылынган. Декларацияда «тиешелүү убакта» Кореяга боштондук ж-а анын көз карандысыз мамлекет болушуна укук берүү жөнүндө айтылган, бирок ал белгисиз мөөнөткө калтырылган. Каир конференциясында Тынч океандагы согуш аракеттери ж-а союздаштардын Европадагы стратегиясы да каралган. АКШ м-н Улуу Британиянын кийинки аракеттери Каир конференциясынын чечимдерине карама-каршы экендигин көрсөттү. Япониянын капитуляциясынан кийин (2-сентябрь, 1945) англиялык аскерлер кайрадан Сянганга (Гонконг) киргизилген. 1950-жылы АКШ Корея Элдик Демократиялык Республикасына ж-а Кытайга кол салып, Кытайдын Тайвань аралын ж-а Пэнхуледао аралын басып алган. Натыйжада Каир конференциясынын чечимдери бузулган.
Ад.: Боратынский С. Дипломатия периода второй мировой войны. Пер. с польск. М., 1959; Исраэлян В. Л. Антигитлеровская коалиция [1941–1945]. М., 1964, гл. 15.