КАЧЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЧЫР (лат. mulus) – жылкы (бээ) м-н эшек­ти аргындаштыруудан алынган үй жаныбары.
Чоңдугу, ийкемдүүлүгү жылкыга, чыдамдуулу­гу, иштемчилдиги эшекке окшош. К. көп жыл жашайт, пароплазма ж-а инфекция анемиясы­на дээрлик чалдыкпайт. Тоютту колдон талап кылбайт. К. тукум бербейт. Өңү негизинен өзүн тууган бээникине окшош. Күч унаа катары пай­даланылат. Иштемчилдигине жараша жүкчүл ж-а чегилме К-га бөлүнөт. Ыйык жалынан би­йиктиги: жүкчүл К-дыкы 110–140 см, чегилме К-дыкы 160 см. Жүкчүл К-дын салм. 300– 400 кг. К. Борб. Азия, Закавказьеде, о. эле. Азия, Африка өлкөлөрүндө, Европанын түштүгүндө ж. б. асыралат.